11.02.2016, 14:52

Финмин: январда ссудалар жана кредиттер боюнча 374,72 млн сом кайтарылды

Бишкек, 11-февраль /Кабар/. 2016-жылдын январындагы бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерден 374,72 млн сом суммасында (мунун 328,89 млн сому – чет өлкөлүк кредиттер, 45,83 млн сому – бюджеттик ссудалар) зайымдык каражаттар кайтарылды, анын ичинен:
- негизги карыз – 258,96 млн сом;
- пайыздар жана айыппулдар – 115,76 млн сом.Бул тууралуу финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттердин карыздарын кайтаруудан түшүүлөрдүн 2016-жылга божомолу 2 млрд 527,21 млн сомду түзөт, анын ичинен:
- негизги карыз – 1 млрд 431,8 млн сом;
- пайыздар жана айыппулдар – 1 млрд 95,41 млн сом.

Болжолдуу көрсөткүчтөр валюталардын курстарынан, калкыма чендердин өлчөмүнөн, инфляциянын деңгээлинен түздөн-түз көз каранды жана Карыздык милдеттенмелердин графиктерине ылайык карыздарды кайтаруунун күтүлүп жаткан көлөмдөрүн эсепке алуу менен аныкталды. Ошону менен бирге, республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин карыздарын кайра түзүмдөштүрүү (кайтаруу мөөнөттөрүн узартуу, пайыздык ченди өзгөртүү, эсептен чыгарып таштоо) тууралуу чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган учурда, жаңы кыска мөөнөттүү бюджеттик ссудалар берилген учурда же зайымчылар тарабынан карыздар мөөнөтүнөн мурда тындырылган учурда карыздарды тындыруунун болжолдуу көрсөткүчтөрү өзгөрүшү мүмкүн.

Эске сала кетсек, бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча мамлекеттик зайымдык каражаттардын кайтарылышын камсыздоону Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду ишке ашырат.