Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
11/02 14:41
 

КРдагы заводдордун кубаттуулугу акыркы жылдары 2 эсеге өстү

Бишкек, 11-февраль /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Өлкөбүздүн күйүүчү-майлоочу май рыногун өнүктүрүү, ошондой эле жеткирип берүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында Кыргызстан Мунай сатуучулар ассоциациясы өнөктөш өлкөлөр менен соода- экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болгондуктан Кыргызстанга берилген артыкчылыктарды оңтойлуу пайдалануу зарыл деп эсептейт. Бул тууралу бүгүн, 11-февралда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Кыргызстан Мунай сатуучулар ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн чек араларында бажы көзөмөлдөрү жоюлгандан кийин Кыргызстандын ишкерлери өз убактысын жана каражаттарын жүктөрдү бажылык жол тосууларга коротпой калышты.

“Импорттоочу компанияларга кыйыр салыктарды – наркка кошумча салыкты, акцизди төлөө үчүн 50 күндүк узартылган мөөнөт берилет. Мындай шарт компаниялардын жүгүртмө каражаттарга муктаждыгын жана чыгымдарын кыскартты. Кошумча женилдетүүлөр катары наркка кошумча салыкты салыкка тийиштүү базасынан транспорт чыгымдары алынып салынган. Биримдикке киргенден тартып аталган салыкты эсептөө үчүн өндүрүүчүнүн саткан баасы гана эсепке алынат”,-деди ал.

“ЕАЭБ өлкөлөрү менен тең пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн перспективалык багыттардын бири катары өлкөбүздөгү мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна чийки мунайды ташып келүү маселеси көңүл борборунда болууга тийиш. Кыргызстандагы заводдордун кубаттуулугу акыркы жылдары эки эсе өсүп, учурда 2 млн 110 миң тонна мунайды түзөт. КРдын заводдорунун толук ишке киришинен өндүрүлүүчү продукциянын көлөмү Кыргызстандын ички керектөөлөрүн гана канааттандырбастан, коңшу өлкөлөргө экспорттого жол ачат. Өзүбүздө мунайды кайта иштетүү баалардын арзандоосуна оңтойлуу таасир тийгизет. Бирок, мындай максаттарга жетүү үчүн мунайды пошлинасыз ташып келүү маселесин КР Өкмөтү Казакстан жана Россия менен өкмөт аралык келишим түзүү жолу аркылуу чечүүсү керек”,-деп кошумчалады М.Керимкулов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу