Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
11/02 14:28
 

Россиядан күйүүчү-майлоочу май экспорттук пошлинасыз ташылууда

 Россиядан күйүүчү-майлоочу май экспорттук пошлинасыз ташылууда

Бишкек, 11-февраль /Дайырбек Мейманов-Кабар/. КРда бензин жана дизелдин Россиядагыдай арзан болуусу Кыргызстан менен Россия президенттеринин макулдашуусуна ылайык, россиялык күйүүчү-майлоочу майдын экспорттук пошлинасыз ташылуусунан улам болууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстан Мунай сатуучулар ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди.

Анын маалыматына караганда, мунай өнүмдөрүн Россиядан пошлинасыз ташуу Кыргызстанга бир кыйла суммаларды үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. 2015-жыл ичинде үнөм 78, 5 млн АКШ долларын, ал эми 2014-жылы 322 млн АКШ долларын түзгөн.

“Мындай жеңилдиктерди бизге бир дагы өлкө берген эмес, башка өндүрүүчүлөр мунайзатты дүйнөлүк баалар менен сатууда. Андыктан, алардын сунуштары экономикалык жактан ыңгайсыз жана россиялык өндүрүүчүлөргө атаандаштык түзө албайт. Экспорттук пошлинасы 1 тоннасына 169 долларды, 1 литрине 9 сомду түзгөн Казакстандан мунайзат импорттоо экономикалык жактан ыңгайсыз. Аталган экспорттук пошлинаны эсепке алсак, Казакстандын күйүүчү, майлоочу майынын импорттук өздүк наркы Россиядан ташылган күйүүчү, майлоочу майдын баасынан кыйла жогору”,-деди ал.

“Азербайжан, Түркмөнстан жана Иран сыяктуу өлкөлөрдөн бензин, дизель импорттоо айрым себептерге байланыштуу мүмкүн эмес. Атап айтсак, аталган өлкөлөрдө экспорттоо үчүн ашыкча көлөм жок, салыштырмалуу баалар кымбат, географиялык алыстыктан улам транспорт жана логистика чыгымдары дагы кымбат”,-деп кошумчалады М.Керимкулов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу