Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
11/02 13:02
 

Учурда Россияда жана Кыргызстанда бензин баалары дээрлик теңдешкен

Учурда Россияда жана Кыргызстанда бензин баалары дээрлик теңдешкен

Бишкек, 11-февраль /Дайырбек Мейманов-Кабар/. “Акыркы убактарда Россияда жана Кыргызстанда бензиндин баалары дээрлик теңдешкен. Алтургай дизель Кыргызстанда 3,23 сомго арзан турат”,-деди бүгүн, 11-февралда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстан Мунай сатуучулар ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов.

Анын айтымында, Казакстанда бензинге, дизелге баалар кыйла төмөн. Казакстандагы мындай төмөн бааларга бир топ жагдайлар шарт түзгөн.

“Күйүүчү, майлоочу майдын бааларынын мамлекет тарабынан жөнгө салынышы, баалардын өсүүсүнө административдик бөгөт коюлусу, салыктардын төмөндүгү (бензинге болгон акциз 2 эсе, дизелге-3 эсе төмөн), транспорт чыгымдардын аздыгы (темир жол ташуудагы ички тариф транзиттик тарифтерге караганда 3-4 эсе төмөн), теңгенин девальвациясы, теңгенин курсу сомго карата кескин түрдө 37%га кунун жоготушу Казакстанда бензиндин жана дизелдин бааларынын кыйла төмөн болушун шарттоодо”,-деди М. Керимкулов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу