Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
11/02 12:32
 

М.Керимкулов: “Жакынкы арада бензин, дизелдин баасы азыркы деңгээлде сакталуусу күтүлөт”

Бишкек, 11-февраль /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Учурда Кыргызстандын бензин жана дизель майынын рыногунда керектөөчүлөр үчүн жагымдуу жагдай түзүлүп, соңку 3 айдын ичинде күйүүчү, майлоочу майдын бааларынын интенсивдүү арзандоосунан кийин акыркы 5,5 жылдын аралыгында (2011-жылдын июлунан тартып) эң төмөнкү деңгээлге түштү. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстан Мунай сатуучулар ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди.

“Көп жылдык байкоолорго таянсак, февраль айы бензин, дизель майынын эң арзан баалары белгиленүүчү ай болду. Божомолдорго ылайык, жакынкы арада бензин, дизелдин чекене баалары азыркы деңгээлде сакталуусу күтүлөт”.-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу