Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
11/02 12:17
 

Мунай сатуучулар ассоциациясы: “Кыргызстан кошумча артыкчылыктарды жана пайданы транспорт чөйрөсүндө да табышы мүмкүн”

 Мунай сатуучулар ассоциациясы: “Кыргызстан кошумча артыкчылыктарды жана пайданы транспорт чөйрөсүндө да табышы мүмкүн”

Бишкек, 11-февраль /Дайырбек Мейманов-Кабар/. “КРда мунайзаттарын арзандатуунун дагы бир жолу - Кыргызстан кошумча артыкчылыктарды жана пайданы транспорт чөйрөсүндө да табышы мүмкүн. Биримдикке мүчөлө-өлкөлөр темир жол транспорту аркылуу жүк ташууда унификацияланган тарифтерди колдонуу жолу менен керектөөчүлөр үчүн тең жана ыңгайлуу шарттарды камсыздоого макулдашкан. Аталган унификацияланган тариф учурдагы транзиттик тарифтерден 3 эсе арзан”,-деди бүгүн 11-февралда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстан Мунай сатуучулар ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов

Анын маалыматына караганда, Кыргызстан Мунай сатуучулар ассоциациясы КР Өкмөтүнө Россия жана Казакстан темир жолдору аркылуу Кыргызстанга Кыргызстандан ташылуучу жүктөргө карата унификацияланган тарифти пайдалануу боюнча маселени чечүүнү өтүнүп кайрылган.

“Россиядан Кыргызстанга ташылуучу мунайзаттын өз наркында транспорт чыгымдардын үлүшү 20 пайызга жогору экенин эске алганда, арзан унификацияланган тарифтерди колдонуу мунай сатуучу компаниялардын чыгымдарын кыскартууга жана керектөөчүлөр үчүн күйүүчү жана майлоочу майдын бааларын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзмөк”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу