Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
11/02 11:50
 

Медетбек Керимкулов: “2016-жылдын январь айында республикага 76,4 миң тонна мунайзат импорттолгон”

 Медетбек Керимкулов: “2016-жылдын январь айында республикага 76,4 миң тонна мунайзат импорттолгон”

Бишкек, 11-февраль /Дайырбек Мейманов-Кабар/. КРнын мунай сатуучулары республиканы тийиштүү көлөмдө күйүүчү жана майлоочу май менен камсыздашууда. 2016-жылдын январь айында республикага жалпысынан 76,4 миң тонна мунайзат импорттолгон. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстан Мунай сатуучулар ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди.

“Импорттолгон 76,4 миң тонна мунайзаттын 34,9 миң тоннасы бензин, 41,5 миң тоннасы дизель майы. Күйүүчү жана майлоочу майдын калдыктары 2016-жылдын февраль айынын башында болжол менен 89 миң тоннаны түзгөн. Анын 51 миң тоннасы бензин, 38 миң тоннасы дизель майы”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу