Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
11/02 08:58
 

Кыргызстандын баалуу кагаздар рыногуна каржылоонун ислам принциптерин киргизүү демилгеси сунушталууда

Бишкек, 11-февраль /Кабар/. Жогорку Кеңеште каржылоонун ислам принциптерин киргизүүгө багытталган “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбооруна ылайык, ислам баалуу кагаздарынын, тагыраак айтканда, ислам каржылоо долбоорунун тастыктама түрлөрү киргизилип жатат. Дүйнөлүк тажырыйба көрсөткөндөй, каржылоонун ислам аспабы аргандай тобокелчиликтер менен каржы каатчылыктарына кыйла туруктуу болуп чыкты. Ал негизинен шарият талаптарына таянат. Мисалы, үстөк пайыз албайт, кумар оюндары сындуу долбоорлорду каржылоодон жана андан табылган арам кирешелерден баш тартат.

Финкөзөмөл кызматынын төрагасы Санжар Муканбетовдун айтымында, ислам каржы компаниялары үстөк пайыз албайт, киреше үлүшүнө тең катышуу аркылуу гана пайда табат. “Алар каржыланган долбоорго жана аны башкарууга чогуу катышып, жоопкерчиликти да кошо тартат. Долбоорлорду ишке ашыруу жүрүмүнө Өкмөт тараптан жаңыдан түзүлө турган Шарият кеңеши аркылуу көзөмөл кылынат. Эгер бул мыйзамга киргизилсе, чет элдик инвестициялардын көлөмү кыйла көбөйөт”, - дейт ал.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу