10.02.2016, 18:16

Доллар дагы ылдыйлайт, Кулматовдун отставкасы жана Желек

 Доллар дагы ылдыйлайт, Кулматовдун отставкасы жана Желек

Бул жумада өлкөбүздүн турмушунда бир катар маанилүү саясий жана экономикалык окуялар болууда. Алардын арасында жакшы жагдай катары АКШ долларынын кыргыз сомуна карата куну дем алыш күндөрү 76 сомдон 70 сомго чейин ылдыйлашын айтсак болот. Анткени мунайдын дүйнөлүк баасы канчалык арзандаган сайын, доллардын куну ошончолук көтөрүлүп жаткан. Бул аралыкта Өкмөт жана Улуттук банк кризиске каршы чараларды кабыл алып, валюта рыногунда интервенция операцияларын жасоодо. Ага ылайык, атамекендик ишкерлерге доллар менен соода кылууга тыюу салынган. Сыягы, ушундай аракеттердин таасири тийди окшойт, чет элдик валютага болгон суроо-талап бир аз басаңдай түштү.

“Кабар Ордо” сайты өлкөбүздүн валюта рыногундагы абалга төмөндөгүдөй баа берди: “2015-жылы сом жарым жылдын ичинде 28,8 пайызга наркын жоготту. Быйыл улуттук валюта дагы 1,5 пайызга кунун түшүрдү. Учурда баш калаанын акча алмаштыруучу жайларында бир долларга 73 сом берилип жатат. Коңшу мамлекеттердин валютасы девальвацияланып жаткан маалда, кыргыз сому жетишерлик туруктуу кармалууда.
Негизинен эксперттер мунун себебин Кыргызстанда сомдун наркы эркин болгондон улам деп түшүндүрүшүүдө.Тактап айтканда, Улуттук банк аны жөнгө салбайт, болгону чет элдик валютага ажиотаждык суроо-талап пайда болгон учурда гана кийлигишет”.
Сомдун кунун туруктуу кармап туруу боюнча көрүлүп жаткан иштер боюнча Өкмөт башчы Темир Сариев мындай маалымат берген: "Сомдун курсу алмашууда, анткени улуттук валюта эркин сүзүүдө жүрөт. Ошондой эле, ал биздин төлөмдүк жана соода-сатык балансыбыздан көз каранды. Бирок биз бул багытта иштерди жүргүзүп жатабыз. Экспорттун көлөмүн жогорулатып, соодалашууну улуттук валюта менен жүргүзүү үчүн Россия жана Казакстан менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз".

Экономикалык серепчи Ж. Акенеев доллар дагы арзандашы ыктымал экендиги тууралуу “Азатыкка” маек курган.
Эң биринчиден, мунайдын баасы бир аз токтоп, баррелине 32-35 доллар болуп, орус рублинин АКШ долларына карата төмөндөшү токтоду. Ошондой эле, рубль баасы Орусиянын өзүндө мурункуга караганда анча-мынча өсүп жатат. Казакстанда теңге девальвациясын токтотту. Белгилүү болгондой, Кыргызстандын экономикасы Казакстан жана Орусиядагы абал менен тыгыз байланышта.
Экинчиден, биздин өлкөнүн ичинде көрүлгөн чаралар өз натыйжасын берүүдө. Доллардан баш тартып, сомго көңүл буралы деп... Азыр байкасаңар, соода-сатыкка байланыштуу кулактандыруулардын көбү сом менен айтылууда. Батирин, машинасын сатам дегендер сом издей баштады.
Албетте, интервенция болууда. Бирок бир айда 64 миллион доллар өтө деле чоң көлөм эмес.
Мына ушул факторлордун баары чогулуп келип сомдун курсунун бекемделишине шарт түзүүдө.
Азыр курстар бир ылдыйлап, бир жогорулап жаткан кезде ар кандай болушу ыктымал. Мына, 1-1,5 ай мурда доллар 74 сом болуп турса акча алмаштыруучу жайлардын бирине 78 деп жаза коюп, ызы-чуу болгон.
Азыр Улуттук банк Монополияга каршы комитет, фискалдык органдар менен бирге катуу көзөмөл жүргүзүшү зарыл. Алдамчылардын айынан карапайым эл акчасын алдырып жибербегендей болушу керек.
Эсиңерде бардыр, белгилүү эксперттер Жаңы жылдан кийин доллар 100 сомго жетет деп божомол айтып келишкен. Андай болгон жок.
Мунайдын баасы, АКШнын саясаты кандай гана болбосун, биз сомубузду акча катары көтөрүүгө аракет кылышыбыз керек.
9-февралда Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун ыктыярдуу түрдө кызматтан кетиши күтүлүп-күтүлбөгөн окуя болду. Бирок айрым эксперттер анын ишмердүүлүгүнө ар кандай, бири-бирине карама-каршы пикирлерди айтышууда.
Саясат таануучу Бакыт Бакетаев Focus.kg сайтына К. Кулматов шаар бюджетин 1,5 миллиарддан 5 миллиардка жеткирип, ийгилик көрсөтө алгандыгын белгилеп, буларга токтолгон:

-Кубанычбек Кулматовго чейин мэр болуп турган Иса Өмүркулов «Ош базарынын» айланасын маданияттуу кыла алган. Мен ошол райондо жашагандыктан анын мурдагы абалын жакшы билем. Ал эми Кубанычбек Кулматов деле аракет кылгандай болду. Албетте, көзгө толумдуу иштерди жасап жиберди деп айта албайм. Быйыл жаңы жылдын алдында Борбордук аянттагы балатыны эң жакшы деңгээлде жасалгаланы жалпыбызга жакты. Мындан сырткары велосипеддер үчүн токтоочу жайларды салдырды. Албетте, башында бир топ мүчүлүштүктөрдү кетирип, президенттен да тил укту. Бирок акыркы мезгилдерде ишти жөнгө салып, шаардык кеңештин депутаттары менен да тил табышып иштеп баштаган.
Кулматов начар иштеди деп айта албайм. Жакшы эле аракетин жасады. Балким дагы иштеп турса, өзү баштаган иштин ийгиликтерин көрсөтөт беле дейм.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактарда орун алган чыр-чатактар көнүмүш окуяга айланып калган менен бул жумада адаттан тыш окуя катталды. Анткени кыргыз чек арачылары Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл өкмөтүндөгү Овчикалача айылындагы үйлөрдүн бирине Кыргызстандын желегин илип коюшу кошуналардын нааразылыгын жараткан. Мамлекеттик чек ара кызматы ал үйлөр кыргыз жарандарына таандык экенин, бирок тажиктер ижарага алып жашап жатканын билдирген.
Көрсө, бул үй Кыргызстандын аймагында жайгашып, кыргыз жарандарына таандык экен. Бирок тажик жарандары ижарага алып гана жашап, эмнегедир өздөрүнө ыйгарып алууну көздөп, “талаштуу участок” деген жүйөөнү айтышууда. Тажикстандын тышкы иштер министрлиги ал тургай желек илүү боюнча 9-февралда Кыргызстанга нота жиберди.
Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы аталган үй эч кандай талаштуу аймакта эместигин жана анда тажик жарандары ижарага алып гана жашап жатышкандыгын дагы бир ирет билдирди. Канткен менен кыргыз чек арачыларынын мындай кадамы жана жообу коомчулук тарабынан колдоого алынып, жарандардын мекечилдик духун көтөрүп койду.

Эмилбек Момунов, “Кабар” маалымат-аналитикалык борбору