10.02.2016, 16:04

Т.Бекбоев: “Мындан ары айыл чарба продукцияларын сатып өткөрүүдө көйгөй болбойт”

 Т.Бекбоев: “Мындан ары айыл чарба продукцияларын сатып өткөрүүдө көйгөй болбойт”

Бишкек, 10-февраль /Эмилбек Момунов-Кабар/. Республикабыздын дыйкандары менен фермерлери мындан ары өздөрү өндүргөн айыл жана мал чарба азыктарын сатууда көйгөй болбойт жана зыян тартышпайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев билдирди.

Өкмөт жана министрлик тарабынан өлкөбүздүн ички жана сырткы рыногуна жашылча-жемиш, эт, сүт, бал жана башка азыктарды сатып өткөрүү үчүн бир топ иштер аткарылууда. Мисалы, Бишкек, Ош шаарларында жана облусттук борборлордо дыйкандар үчүн атайын базарлар ачылып, алар өндүргөн продукцияларын керектөөчүлөргө ортомчу-алып сатарларсыз түз сатуусуна мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Мындан тышкары Талас облусунун дыйкандары үчүн 2015-жылы күз айларында Казакстандын Тараз шаарында төрт ирет жармаңке уюштурулду.
Эң негизгиси Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргендиги 180 млн калкы бар рынок пайда болду. Ошондой эле, жакында 500 млн калкы бар Европа бирлиги биздин өлкөбүз үчүн өз рыногун ачты.

“Өткөн жылы дыйкандарыбыз өндүргөн айыл чарба азыктарынын баасы арзан болушунун бир нече себептери бар. Биринчиден, 2014-жылы картошка менен төө буурчак кымбат болгондуктан, былтыр өсүмдүктүн бул эки түрү өтө көп эгилди.
Экинчиден, Кыргызстан ЕАЭБге август айында расмий түрдө мүчөлүккө кабыл алынганы менен Казакстандын чек арасы ноябрда гана ачылды. Анткени чет жакка кандай гана продукция экспорттобойлу, ага тиешелүү сапатын тастыктаган лабораториялык анализ керек. Ошондуктан, фитосанитариялык карантин жыл аягында алынды. Ага карабай дыйкандарыбыз өндүргөн продукцияларын Казакстанга жана башка ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге сатууга үлгүрүп калышты.

Бирок, азырынча ветеринардык карантин ачыла электигине байланыштуу мал менен эт, бал, сүт сыртка чыкпай жатат. Төө буурчак боюнча да Түркия менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Азыр ветеринардык лабораториялар курулуп бүтүп калды. Демек, жакын арада бул азыктар да экспорттоло баштайт. Негизинен биздин экологиялык жактан таза азыктарыбызга дүйнөлүк рынокто суроо-талап жогору. Болгону анын сапатын лабораторияда текшерип, тастыктаган документтер болуш керек”,- деди министр.

Айрым маалымат каражаттары айыл чарба жана мелиорация министрлиги дыйкандар өндүргөн азыктарды сатып өткөрүү жагын жолго койбогондуктан, сыртка сатылбай, ички рынокто да арзан болуп, андан зыян тартып жатышкандыгын жазышкан.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы