Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
10/02 13:02
 

Дыйкандарга арзан насыя 5 банк аркылуу берилет

Бишкек, 10-февраль /Эмилбек Момунов-Кабар/. Алар «Айыл Банк», «РСК Банк», KICB, «Бакай Банк» жана «Кыргызстан» банктары. Арзан кредит алууну каалаган дыйкандар ушул банктардын жер-жерлердеги кеңселерине кайрылып, тиешелүү документтерин тапшырышса болот. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында Өкмөттүн аппаратынын Агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев билдирди.

Ал эми «Айыл Банк» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиевдин айтуусунда, ал жетектеген банк аркылуу 1 млрд сомдон ашык кредит берилет. «Биздин банк күнөскана, мал чарба, кайра иштетүү, айыл чарбасы тармагында кредит алуучуларга артыкчылык берет. Бирок алынган каражатты максатсыз же башка тармактарга пайдалангандар аныкталса, анда үстөк пайызы үч эсе (30%га) жогорулайт. Аксакалдар кеңешинин сунушу менен 12 айга чейин 100 миң сомдон ашпаган кредит алуучулардан күрөө талап кылынбайт»,- деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу