Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
10/02 12:37
 

Быйыл Өзбекстандан 140 миң тонна жер семирткич сатып алынат

Бишкек, 10-февраль /Эмилбек Момунов-Кабар/. КРнын Өкмөтү быйылкы жазгы-талаа иштерине даярдык көрүүнүн алкагында Өзбекстан менен 140 миң тонна жер семирткич сатып алуу боюнча келишим түздү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйында КРнын айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев билдирди.

“Быйыл республикабызда аба ырайына байланыштуу жазгы-талаа иштери эрте башталууда. Бул багытта Өкмөт бир катар иш чаралардын планын иштеп чыккан. Алардын бири дыйкандарды жер семирткич менен камсыз кылуу болуп саналат. Учурда Өзбекстан менен 140 миң тонна жер семирткич сатып алуу боюнча келишим түзүлүп, алгачкы партиясы жакынкы күндөрү ташыла баштайт.

Кошуна мамлекеттен алынуучу жер семирткичтин 60%ы азот, 40%ы карбамид болуп саналат. Дыйкандарыбызга азот 16 сом 50 тыйындан, карбамид 19 сомдон берилет”,- деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу