10.02.2016, 12:07

Быйыл дыйкандарга 10% үстөгү менен 3 млрд сом жеңилдетилген насыя берилет

 Быйыл дыйкандарга 10% үстөгү менен 3 млрд сом жеңилдетилген насыя берилет

Бишкек, 10-февраль /Эмилбек Момунов-Кабар/. Мындай маалыматты бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев билдирди. Мындан тышкары алгачкы ирет 100 миң сомго чейин кредит алгандарга күрөөсүз акча берилет жана мал чарба тармагында каражат алгандарга үч жылдык мөөнөт белгиленди.

“КРнын Өкмөтү республикабыздын дыйкандары менен фермерлерин колдоо боюнча жыл сайын көптөгөн иш чараларды жүргүзүп келүүдө. 15-январда Өкмөт “Айыл чарбасын каржылоо-4” программасын кабыл алып. Атайын токтомдун негизинде 3 млрд сом жеңилдетилген кредит берүү чечими кабыл алынды. Учурдагы дүйнөлүк кризиске, инфляцияга жана АКШ долларынын кыргыз сомуна карата куну жогорулагандыгына карабастан, былтыркы жылдагы 10%дык үстөк кала берүүдө.

“Мындан тышкары айрым өсүмдүктөрдүн түрлөрү өзгөрдү. Мисалы, Талас облусунун төө буурчак өстүргөн дыйкандары быйыл 1 миң гектардан ашык аянтка кант кызылчасын эгишет. Чүй облусунда да кызылча эккендер былтыркы 5 миң гектардын ордуна 8 миң гектарга көбөйтмөкчү”,- деди ал.
А.Жээналиевдин айтуусунда, быйыл Өкмөт материалдык резервдер фондуна 20 миң тонна буудай сатып алып, баасын алдын ала билдирет.