Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
10/02 08:45
 

«Айыл Банк» мамлекеттин карамагында калмакчы

Бишкек, 10-февраль /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Айыл Банк» ачык акционердик коомун менчиктештирүү концепциясынын долбоору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 22-майындагы №396-IV токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу» Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун колдоду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Комитет мүчөлөрүнүн пикиринде, 2008-жылдан берки мезгил аралыгында «Айыл Банктын» абалы жакшы жагына өзгөрүп, насыялык портфелинин көлөмү да кыйла көбөйгөндүктөн, каржы рыногунда башкарлар менен теӊата атаандаштык түзө алат. Ошондуктан, азыр "Айыл Банкты" менчиктештирүүнүн зарылчылыгы деле болбой калды.

Жыйын жүрүшүндө мамлекеттик ишканаларды жана 30 пайыздан ашык үлүшү бар акционердик коомдорду толугу менен мамлекеттик банктрадын («РСК Банк» жана жана «Айыл банк») тейлөөсүнө өткөрүү, мамлекеттик банктардын атаандаштыкка жөндөмдүүгүн мындан дагы арттыруу чараларын көрүү сындуу бир катар алгылыктуу сунуштар да берилди.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу