Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
10/02 08:44
 

Кой-эчкинин бруцеллезуна каршы эмдөө иштерин жүргүзгөн жеке ветеринарларга 6,7 млн сом төлөндү

Бишкек, 10-февраль /Кабар/. 2015-жылы кой-эчкилерди бруцеллезго каршы эмдөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн жеке ветеринарларга 6,7 миллиондон ашык сом төлөнүп берилди.Социалдык фонддун төлөмдөрү менен бул сумма 7,85 млн сомду түздү. Мындай маалыматты айыл чарба жана мелиорация министрлигинин айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн маалымат катчысы Ирена Байтанаева билдирди.

Баткен облусунун жеке ветеринардык адистерине болжол менен 472 миң сом, Жалал-Абад облусуна – 1,13 млн. сом, Ысык-Көл облусуна – 1,073 млн. сом, Талас облусуна – 599 миң сом, Нарын облусуна - 1,34 млн сом, Чүй облусуна – 715 миң сом жана Ош облусуна – 1,4 млн сом төлөнүп берилген. Жалпысынан республикада былтыр вакцинация боюнча иш-аракеттерге 433 жеке ветеринардык сервис катышкан, алар 2,24 миллиондон ашык кой-эчкини эмдешкен.

Төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба долбоорлорун башкаруу бөлүмү (ОРСП) тарабынан иш жүзүнө ашырылып жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун эсебинен төлөнүп берилген.

Бруцеллез менен күрөшүү программасы 2008-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда иштеп баштаган. 2011-жылы бул программа республиканын бардык аймагын камтыган. Аткарылган иш-аракеттердин натыйжасында бруцеллез менен ооруган адамдардын саны дээрлик беш эсеге кыскарган– эгерде бул оору менен 2011-жылы 4412 адам ооруган болсо, 2015-жылы 904 адам ооруга чалдыккан. Бруцеллез адамдарга айыл-чарба малдарынан жугаары белгилүү, ошондуктан бруцеллез оорусунун төмөндөшү түздөн-түз малдын ылаңдашынын азаюусуна байланыштуу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу