Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
09/02 19:51
 

Премьер-министр: «Айыл чарба тармагындагы насыялар эмгектенүүгө белсенген жарандарга жеткиликтүү болушу керек»

Бишкек, 9-февраль /Кабар/. Бүгүн, 9-февралда, Темир Сариевдин төрагалыгы алдында айыл чарба тармагына насыяларды берүүнүн жүрүшү боюнча жумушчу жыйында айыл чарбасындагы насыя берүүнү эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана бардык каалоочуларга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маселени талкуулоо зарылдыгын билдирди.

«Айыл чарба тармагындагы насыяларды жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маселени карап көрүү зарыл. Буга байланыштуу коомчулук жана дыйкандардын берген сунуш-пикирлерин эске алуу менен насыя берүүдөгү шарттарды жеңилдетүү боюнча иштерди алып баруу керек», – деди Темир Сариев.

Темир Сариев акыркы учурда дыйкандардын сунуштарын эске алуу менен 100 миң сомго чейинки насыяларды күрөөсүз берүү тууралуу иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле Премьер-министр насыяларды берүүдө жарандарды ар кыл убаракерчиликтерге салбастан, шартын жөнөкөйлөштүрүүнүн жол-жобосун карап чыгуу керектигин билдирди.

«Бериле турган насыялар эмгектенип, иштейм деген каалоосу бар жарандарыбыз үчүн түрткү болушу керек. Ким эмгектенүүгө умтулса, Өкмөт ар тараптуу колдоого алып, убара тарттырбастан шарттарды түзүүгө даяр болушу зарыл» деди Т. Сариев.

Ошондой эле ал Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондун айыл чарба, орто жана чакан бизнести колдоо боюнча ишин активдештирүүсү зарыл экенин билдирди.

Муну менен катар «Айыл Банк» жана РСК-Банкты жеңилдетилген насыялар боюнча аймактардагы дыйкандарга жеткиликтүү маалымат жеткирүү үчүн түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Учурда Кыргыз-Орус Өнүктүрүү Фондунун линиясы аркылуу «Айыл Банкка» 1 миллиард 300 миң сомдук, ал эми «РСК-Банкка» 1 миллиард сомдук сунуштар келип түшкөн.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу