Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
08/02 18:42
 

Премьер-министр: «Бюджеттик ачыктыкты камсыз кылууну күчөтүү керек»

Бишкек, 8-февраль /Кабар/. Бул тууралуу 8-февралда, Темир Сариев Финансы министрлигинин 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйынында билдирди. Премьер-министрдин айтымында, Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде эң ачык саясат жүргүзгөн өлкө. Өлкөдөгү саясий система ачыктыкты жана теңдештикти камсыз кылууга багытталган. Темир Сариев анын ичинде бюджеттин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча бир топ иштер аткарылып жатканын жана аларды улантуу керектигин талап кылды.

“Бул жаатта Финансы министрлигине эң жогорку талаптар коюлган. Аны кемчиликсиз түрдө аткаруу керек. Мамлекеттик сатып алуудагы ачыктык-айкындык камсыз кылуу боюнча электрондук түрдө жүргүзүлүп жатат. Анын эсебинен 6 млрд сомго чейин үнөмдөлгөнү белгилүү болду. Биз мунун менен токтоп калбастан, дагы жакшыртууга бет алышыбыз керек”-деди Темир Сариев.

Премьер-министр мамлекеттик сатып алуудагы коррупциялык иштерди кыскартуу боюнча дагы жаңы ыкмаларды киргизип, жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алпарууну тапшырды. «Жер-жердеги нааразычылыктар мамлекеттик сатып алуудагы туура эмес иштерден чыгып жатат. Сатып алуулардын ачык-айкындыгын камсыз кылуу менен алынган жабдыктардын сапатына көзөмөл буруу керек»-деди Темир Сариев.
Премьер-министр Евразия экономикалык биримдигинин алкагында аукциондорго Кыргызстандык ишкерлердин катышышы үчүн шартты түзүүнү эртелетүү тапшырмасын берди. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев ишкерлер мындай практика кийинки жылдан тарта киргизилерин билдирди.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу