Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
08/02 08:50
 

Эсептөө палатасы Жогорку Нарын ГЭС каскадынын жумшалган чыгымдарды текшермекчи

Бишкек, 8-февраль /Кабар/. Жогорку Нарын ГЭС каскадынын жумшалган чыгымдарын иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп, курулуш чыгымдарына жумшалышына байланыштуу маалыматтар угулду.
Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча макулдашууну кыргыз тарап бир жактуу денонсациялаганы үчүн КР Өкмөтү анын курулушуна жумшалган каражатты 6 ай аралыгында төлөп берүүгө тийиш. Ошондон улам, «Жогорку Нарын ГЭС каскады» биргелешкен ишканасы ГЭСтин курулушуна 37 млн доллар өлчөмүндө каражат жумшалганын билдирген.

Жогорку Нарын ГЭС каскады» биргелешкен компаниясынын төрагасы Алексанр Нарваевдин берген маалыматына караганда, Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушуна жумшалган баардык чыгымдар 2 млрд сомду түзгөн. «Анын ичинде, 450 орундуу вахталык шаарчаны курууга 260 млн сом, долбоордук документацияларды төлөөгө 800 млн сом жумшалды. Андан сырткары, курулуш жабдуулары сатылып алынды», - дейт ал.
Комиссия мүчөлөрү компания жетекчисине бир катар суроолорду берүү менен, 37 млн доллар өлчөмүндөгү каражаттын туура жумшалганына карата күдүк ойлорун билдирди. Алардын пикиринде, Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушуна жумшалды деген чыгым иш жүзүндөгү наркы дал келбей жатканын айтышты.

Жыйынтыгында депутаттык комиссия Эсептөө палатасына ишканын буга чейин жүргүзгөн ишине толук аудит жүргүзүү тапшырмасын берүү, Жогорку Нарын ГЭС каскадында көчмө жыйын өткөрүп, курулуштун абалы менен жеринде таанышуу чечимине келди. Андан сырткары, «Жогорку Нарын ГЭС каскады» компаниясы депутаттык комиссияны баардык документтер менен камсыз кылууга тийиш.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу