Экономика

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
08/02 08:38
 

Өкмөт башчы өлкөдө жазгы талаачылык иштерине даярдыкты күчөтүү тапшырмасын берди

Бишкек, 8-февраль /Кабар/. Премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринде быйылкы жылга карата логистикалык борборлорду куруу боюнча конкреттүү планы болушу керек экенин билдирди.
«Логистикалык борборлорду куруу боюнча ар бир райондун акимдери инвесторлор менен тыгыз иштеши керек. Ишкерлерди бул долбоорлорго тартуу зарыл. Бул боюнча ар бир акимге катуу талап коюлат»-деп эскертти Темир Сариев.
Премьер-министр быйылкы жылы жазгы талаачылык иштерине даярдыктар эрте башталганын белгилеп, бардык мүмкүнчүлүктөрдү толугу менен мобилизациялоо аркылуу даярдыкты сапаттуу жүргүзүүнү тапшырды.

Жергиликтүү бийлик жетекчилерине аймактардагы ички арыктарды тазалоону активдүү жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Өлкөдө жашылдандыруу өнөктүгүн жүргүзүү боюнча боюнча атайын токтом кабыл алынган Темир Сариев маалымдап, анын алкагында ар бир айылда бул боюнча атайын пландын негизинде иш алып барууну тапшырды.
Айыл чарба тармагында күнөсканаларды, логистикалык борборлорду куруу, тамчылатып сугаруу сыяктуу жаңы ыкмаларды жайылтуу боюнча иш жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле дыйкан-фермерлерди айыл чарбасындагы жаңы ыкмаларды жайылтуу аракеттерин колдоо максатында «Айыл Банк» жана РСК-Банктын жетекчилигине насыяларды берүүнүн шарттарын жеңилдетүүнүн жол-жобосун карап чыгууну тапшырды.
Муну менен катар Өкмөт алдында Ветеринардык жана Фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясына өлкөдөгү мал ылаңдарын алдын-алуу боюнча эмдөөнү жүргүзүү тапшырмасы берилди.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу