Экономика

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
05/02 18:41
 

Доллар менен насыя алгандар эми эсептешүүнү улуттук валютада жүргүзүшөт

Бишкек, 5-февраль /Кабар/. Парламентте депутаттар маселе көтөрүп, ипотекалык шартта насыя алгандардын абалын жеңилдетүүнүн жолдору изделип, Өкмөткө бул багытта атайын программа иштеп чыгуу тапшырмасы берилген,- дейт депутат Талант Мамытов радиомаегинде.

Эл өкүлү ошондой эле айтылган орчундуу сунуштар эске алынып, Өкмөт ушул үстүбүздөгү 2016-жылдын 1-февралында №33-токтомун кабыл алып, маселени чечүүгө киришти,- деп маалымдады. “Аталган программа 2015-жылдын 1 июлуна чейин 40 миң долларга чейинки суммада турак жайды кредитке сатып алган Кыргыз Республикасынын жарандарын камтыйт”,- дейт Т.Мамытов. Ошондой эле ал коңшу Казакстанда мындай насыяга байланышкан маселелерди субсидия берүү жолдору менен чечкен көрүнүштөр бар экенин маалымдап, Россияда болсо фиксацияланган ченемдердин колдонулуп баштагандыгын кошумчалады.

Кыргызстан боюнча 23миң 466 киши чет өлкөлүк валюталар менен ар кандай насыяларды алышкан. Анын ичинен 8 млрд сому айыл чарба иштерине деп алынган болсо, ал эми 6 млрд суммадан ашыгыраагы ипотекалык насыяларга берилген. Жогорку Кеңештин 10-декабрдагы кабыл алган токтомунун негизинде Өкмөткө берилген тапшырмаларды орундап, министрлер кабинети менен Улуттук банк биргелешип доллар менен алынган насыяларды конвертациялоо багытында , атайын программа иштеп чыкты. Ошого жараша 2015-жылдын 1-июлуна чейин ипотекалык шартта насыя алгандардын абалын жеңилдетүүнүн ыңгайы караштырылууда.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу