Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
05/02 12:02
 

УСИИ: 2015-жылы маморгандарга калктын ишеним индекси 22 баллды түздү

Бишкек, 5-февраль /Кабар/. 2015-жылы мамлекеттик органдарга калктын ишеним индекси (КИИ) 2014-жылга караганда 7,3 баллга көтөрүлүп, 22 баллды түздү. Бул тууралуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун (СИУИ) директору Талант Султанов журналисттер менен жолугушууда айтты.

«Акыркы 3 жылда мамлекеттик органдарга калктын ишеним индекси өстү. Узак убакыт боюу мындай оң тенденция байкалган эмес. Бирок 22 баллдан 100 баллга чейин көтөрүлүү аракетин көрүү керек . Ал үчүн мамлекеттик органдарга жарандардын, коомдук уюмдардын билдирүүлөрү дайыма көңүл борборунда болууга тийиш. КРнын Улуттук статистикалык комитети Кыргызстандын жарандарына сурамжылоонун негизинде жылына 2 мертебе маморгандарга калктын ишеним индексин эсептеп чыгат. Мында калктын маморгандардын ишинин сапатына, аларга болгон жарандардын жеке ишенимине, ошондой эле мамлекеттик органдардагы коррупциянын деңгээлине баа берилет”,-деди ал.

УСИИнин директору калктын ишеним индекси 2010-жылы иштелип чыгып, 2015-жылы ага бир топ өзгөртүү киргизилип, толукталганын кошумчалды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу