Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
05/02 11:28
 

Премьер-министр : «Авиабилеттерге бааны төмөндөтүп, аэропорттун тейлөө сапатын жакшыртуу зарыл»

Бишкек, 5-февраль /Кабар/. Бул туурасында Темир Сариев Ош шаарындагы «Манас» Эл аралык аэропорту» ААК филиалын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди.

Ал белгилегендей, 2016-жылга карата Ош шаарынын аэропортунун алдына жаңы милдеттер коюлган.

«Аэропорттон түшкөн кирешеге Тамчы, Жалал-Абад жана Баткен аэропортторун реконструкциялоо керек. Быйылкы жылы Тамчы-Бишкек, Тамчы-Алматы, Тамчы-Жалал-Абад, Тамчы-Ош багытындагы жаңы каттамдар ачылат. Авиабилеттерге бааны төмөндөтүп, аэропорттун тейлөө сапатын жакшыртуу зарыл, ага жараша жүргүнчүлөрдүн агымы да жогору болот. Кыска мөөнөт ичинде өлкө аэропортторун өнүктүрүү программасын ишке ашырууну жыйынтыктоо зарыл»,-деди премьер-министр.

Өкмөт башчыга маалымдалгандай, 2015-жылы Ош шаарынын аэропортунун кирешеси 400 млн сомду түзгөн, ал эми жүргүнчүлөрдүн агымы өткөн жылдарга салыштырмалуу төрт эсеге жогорулаган.
Т.Сариев билдиргендей, Ош шаарынын аэропортун реконструкциялоого 15 млн сом бөлүнгөн, учурда мында учуп келгендер жана учуп кетүүчүлөр үчүн 4 зал курулууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу