Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
05/02 08:43
 

Т.Сариев Бажы кызматы былтыркы планды аткарганы менен кошумча резервдерди табуу жаатындагы иши жетишсиз экенин айтты

Т.Сариев Бажы кызматы былтыркы планды аткарганы менен кошумча резервдерди табуу жаатындагы иши жетишсиз экенин айтты

Бишкек, 5-февраль /Кабар/. 4-февралда, Темир Сариев Мамлекеттик Бажы кызматынын 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынга катышты. 2015-жылы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуп, кыргыз -казак мамлекеттик чек арасында бажы көзөмөлү алынганын билдирди. Темир Сариев Мамлекеттик Бажы кызматынын мамлекеттик кирешени толтурууда негизги мекеме экенин белгиледи
«Бажы кызматынын негизги иши ар бир бажы пунктун ЕАЭСтин талабына жооп берчүдөй абалга алып келүү керек. Муну менен катар ачык-айкындыкты камсыз кылуу менен ишкерлерге толук шарт түзүп берүү кызматтын негизги милдеттеринин бири. Мындай жол менен Бажы кызматына мамиле өзгөрүп, ишкер чөйрөнүн ишенимине ээ боло алат»-деди Темир Сариев.

2015-жылы республикалык бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүү болжолу 32 млрд 970,0 млн сом өлчөмүндө белгиленген, анын ичинен бажы төлөмдөрү – 27 млрд 770,0 млн сом, ЕАЭБнын алымдары – 5 млрд 200,0 млн сом.
Бажы кызматы бюджетке 28 млрд 509,4 млн сом суммасында бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды, бул болжолдук көрсөткүчтөргө 102,7%түздү (ЕАЭБнын алымдарысыз) же 739,3 млн сомго көп чогултулду.
Премьер-министр Бажы кызматы былтыркы планды аткарганы менен кошумча резервдерди табуу жаатындагы иши жетишсиз экенин билдирди.
Темир Сариев пландуу көрсөткүчтөр аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Планды өз деңгээлинде аткарбаган жетекчилердин жоопкерчилиги караларын эскертти.

Премьер-министр быйылкы жылы мамлекеттик бюджетке белгиленген 32,1 миллиард сом суммасындагы төлөмдөрдү түшүрүү боюнча планды аткарууну, бажы төлөмдөрү жөнөкөйлөтүлгөн тартиби алынганына байланыштүү кошумча нарк салыгын төлөөнү туура башкаруу, Бажы кызматындагы коррупциядык көрүнүштөр менен күрөштү күчөтүүнү тапшырды.
Ошондой эле Бажы кызматын автоматташырууну толугу менен бүткөрүп, ачык-айкындыкты камсыз кылуу зарылдыгын билдирди.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу