Экономика

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
04/02 16:49
 

С.Масаулов: “7 жыл аралыгында Россия Кыргызстанга 2 млрд АКШ долларына жакын каржылык көмөк көрсөткөн”

Бишкек, 4- февраль /Кабар/. 7 жыл аралыгында Россия Кыргызстанга 2 млрд АКШ долларына жакын каржылык көмөк көрсөткөн. Бул тууралуу тегерек үстөлдүн жүрүшүндө Перспективдүү изилдөө борборунун (ПИБ-Бишкек) директору Сергей Масаулов билдирди.

Анын айтымында, изилдөө ПИБнын эксперттери тарыбынан жүргүзүлгөн.

“Кайтарымсыз каржы жардамы эки тараптуу кызматташтык, БУУнун, Бүткүл дүйнөлүк банктын, ЕККУ , ЕАЭБ жана башка уюмдардын линиялары боюнча берилген. Кыргызстан эгемендикке жеткен жылдары өлкөнүн көз карандысыздыгын бекемдөөгө Россия масштабдуу жана комплекстүү иш чаралар менен көмөк көрсөткөн. Мындай көмөк бюджетке түз каржылык жардамда, гуманитардык ж. б. өз ара кызматташтык формаларында сезилээрлик билинген”,-деди ал.

“Кыргызстандын Россияга 488,9 млн.доллар карызын кечүү процесси да алдыда турат”,-деп кошумчалады С.Масаулов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу