Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
04/02 15:22
 

Экономика министрлиги: “КР 6 миңден ашык аталыштагы товарларды ЕБга пошлинасыз чыгара алат”

Бишкек, 4-февраль /Дайырбек Мейманов - Кабар/. Туруктуу өнүгүүнү стимулдаштыруунун атайын схемасын колдонуу статусун алуу жана бардык преференция системасын (БПС+) алгылыктуу башкаруу максатын көздөгөн КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-мартында №105-р буйругу чыккан. Ага ылайык, КРнын экономика министри кол койгон билдирүү 2015-жылы 20-мартта Европа комиссиясына жиберилген. Бул тууралуу бүгүн 4-февралда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР экономика министринин орун басары Кылычбек Жакыпов билдирди.

“2016-жылдын 29-январында Европа комиссиясы ЕС978/2012 Регламентинин 10(1) беренесине ылайык, Кыргызстан БПС+колдонуучу статусун алгандыгы тууралуу нотасын жиберген. 2012-жылдын 25-октябрындагы ЕС978/2012 Регламентинин 9-беренесине ылайык, туруктуу өнүгүүнү стимулдаштыруунун атайын схемасын колдонуу статусун алуу жана бардык преференция системасын (БПС+) алгылыктуу башкаруу өлкөбүзгө кошумча преференцияларды тартуулайт”,-деди ал.

“Атап айтканда, Кыргызстан Европа өлкөлөрүнө товарларды экспорттоодо бир топ жеңилдиктерге ээ болот. Мында КР 6 миңден ашык аталыштагы товарларды Европа биримдигине пошлинасыз чыгара алат. Айрыкча, айыл чарба товарлары, азык-түлүктөр, тамеки жана текстилге өзгөчө маани берилет. Мурда кыргыз экспортчулары бажы пошлинасына 14,6% төлөшсө, эми 5-9% төлөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Алтургай ЕБ аймагында бир топ продукцияларга эч бир пошлина төлөшпөйт”,-деди К. Жакыпов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу