Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
04/02 14:44
 

“Түндүкэлектр” ишканасы жаңы техникаларды сатып алды

 “Түндүкэлектр” ишканасы жаңы техникаларды сатып алды

Бишкек, 4-февраль /Кабар/. Бул жумада “Ак-Барс” маркасындагы АТП-18 автогидро көтөргүчтөрү Москва, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондук электр тармактарына, ошондой эле “Түндүкэлектрдин” Талас филиалына тапшырылды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Москва РЭТ жетекчиси Уланбек Манапбаевдин айтуусу боюнча, келген атайын техника муктаж учурда берилди. “Ишенимдүү электр энергия менен камсыздоодо трассанын абалы көп мааниге ээ болот, көп учурда өчүрүүнүн себебин чубалгыларга кулаган бутактар жана бактар түзөт. Жыл сайын Александровка, Беловодское, Садовое, Петровка айылдарындагы аба электр чубалгыларынын боюндагы бактардын бутактары чоң көйгөйдү жаратат. Ошондуктан, бул техниканын жардамы менен ушул иштер бүткөрүлөт.

Бул техниканы алууда “Түндүк электр” ишканасы өз каржысынан 14,7 млн сомдон ашуун каражат кетирди. Бөлүштүрүү компаниянын пландарында эскирген техника паркын алмаштыруу менен бардык өндүрүш кызматтарды муктаж болгон атайын техника менен камсыз кылуу болуп саналат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу