Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
04/02 13:01
 

Кыргыз Өкмөтү Польшадан алынган насыяны дыйкандарга лизинг түрүндө берет

 Кыргыз Өкмөтү Польшадан алынган насыяны дыйкандарга лизинг түрүндө берет

Бишкек, 4-февраль /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Кыргыз Өкмөтү Польша Республикасынан алынган насыяны дыйкандарга лизинг түрүндө берет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди.

“Польша Республикасынын өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда "Айыл чарба техникаларын, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө шаймандарды алуу" долбоорун каржылоого 40 млн евро суммасында насыя берүү боюнча макулдашууга кол коюлган.

Бүгүнкү күндө бул макулдашуу боюнча бир топ иштер жасалып жатат. Анткени, насыя лизинг түрүндө дыйкандарга берилет. Бирок, бул лизингди алууга Ош, Жалал-Абад жана Нарын обулусунан эч ким кайрылышкан жок. Анткени, дыйкандар лизинг аркылуу берилүүчү айыл чарба техникаларынын баасы өтө кымбат экендигин айтып жатат. Бирок, бул лизинг програмасынын шарттары дыйкандар үчүн абдан ылайыктуу. Себеби, лизингге алынып жаткан техника жана жабдуулар 7 жылга чейин берилет. Ошондой эле, коммерциялык насыяларга салыштырмалуу үстөк пайызы да төмөн. Тактап айтканда, бул насыянын үстөк 9%ды түзөт”,- дейт Э.Чодуев.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу