Экономика

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
04/02 11:25
 

Финансы министри А.Касымалиев: “Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу үчүн банкомат системасы киргизилүүдө”

 Финансы министри А.Касымалиев: “Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу үчүн банкомат системасы киргизилүүдө”

Бишкек, 4-февраль /Эмилбек Момунов-Кабар/. Өлкөбүздө накталай акчанын колдонулушун кыскартуу жана көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында Өкмөт тарабынан бир катар иш чаралар жүргүзүлүүдө. Алардын бири - бюджеттик жана башка мекемелердин кызматкерлеринин маянасын карточка менен банкомат аркылуу алуусун камсыз кылуу жана ашыкча акчанын банк эсебинде ишенимдүү сакталышына шарт түзүү болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында КРнын каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

“Азыр бүткүл дүйнө жүзүндө карточка системасы киргизилген. Мындай ыкма жеке адамдарга да, мамлекетке да пайдалуу. Анткени ар бир адам керектүү акчаны карточка менен банкомат аркылуу ала алат. Ошол эле учурда анын калган акчасы банкта же мамлекеттин казынасында сакталып, иштеп турат. Финансы министрлиги да ушундай максатта карточка системасын киргизүүнү колго алууда. Быйылкы жылдан баштап Бишкектен тышкары айыл жерлеринде да банкоматтар орнотула баштайт. Мындан тышкары 50 квадрат метр аянттан ашык соода жайларына бекер банкомат орнотулуп берилет. Бул иш чаралар эң оболу көмүскө экономикага бөгөт коймокчу”,- деди ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу