Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
04/02 11:09
 

Кыргызстандын тышкы карызын негизинен ири долбоорлор түзөт

 Кыргызстандын тышкы карызын негизинен ири долбоорлор түзөт

Бишкек, 4-февраль /Эмилбек Момунов-Кабар/. Өткөн жылдын соңуна карата республикабыздын мамлекеттик жалпы карызы 3 млрд 695 млн.АКШ долларын же 280 млрд 484 млн сомду түзгөн. Анын ичинен 94%ы же 3 млрд 491 млн АКШ доллары (264 млрд 987 млн сому) тышкы карызды жана 6% же 204 млн АКШ доллары (15 млрд 497 млн сом) ички карыз болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйында КРнын каржы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков билдирди.

“Кыргызстандын тышкы карызы негизинен ири долбоорлорго алынган узак жана жеңилдетилген насыялар болуп саналат. Алар Бишкек-Ош альтернативалык жолу, Ош-Исфана жолунун курулушу, “Датка-Кемин” көмөкчордонунун курулушу жана башка стратегиялык мааниси чоң объектилер болуп саналат. Мындан тышкары быйыл Ысык-Көл облусундагы айланма жолдун курулушу сыяктуу бир нече долбоорлор бар”,- деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу