Экономика

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
04/02 10:35
 

Өткөн жылы Кыргызстанда ИДПнын реалдуу өсүшү 3,5%ды түздү

Өткөн жылы Кыргызстанда ИДПнын реалдуу өсүшү 3,5%ды түздү

Бишкек, 4-февраль /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. КРнын Улуттук статистика комитетинин болжолдуу маалыматты боюнча, 2015-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү 3,5% деңгээлинде (2014-жылдын деңгээлинен 0,5 % пунктка төмөн), ал эми ИДПнын номиналдык көлөмү 423,6 млрд сом деңгээлинде болду. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында КРнын каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

“2015-жылы республикалык бюджетке ресурстардын түшүүсү (атайын каражаттарды жана мамлекеттик инвестициялык программаларды кошпогондо) 114 млрд 975,8 млн сомду же пландын (115 889,4 млн сом) 99,2%ын түздү. 2014-жылдын ушул маалындагы көрсөткүчтөр менен салыштырганда ресурстардын түшүүсү 8,7% пунктка көбөйүп, акчалай туюнтканда 9 млрд 168,6 млн сомду түздү. ИДПга карата салыштырма салмак 27,1% түздү. 2014-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 26,4% түзгөн”,- дейт А.Касымалиев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу