Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
01/02 16:02
 

Улуттук банк: 3,1 млрд сом өлчөмүндөгү 2864 адамдын ипотекалык насыялары конвертацияланат

Бишкек, 1-февраль /Дайырбек Мейманов-Кабар/. “Орточо алганда 3-5 адамдан турган үй-бүлөнүн иштеп жаткан мүчөлөрүнүн кирешесинин (11-12 миң сом) орточо деңгээлине таянсак жана ипотекалык насыя алуунун шарттарына ылайык, эконом классындагы (104-105-сериядагы батирлер) турак жай сатып алуу үчүн банкка 30-40% өлчөмүндө баштапкы төгүм төлөө зарылчылыгын эске алсак, карызды 1 АКШ доллары үчүн 62, 1422 сом чегинде конвертациялоонун максатка ылайыктуулугу бул ипотекалык насыянын орточо суммасы болжол менен 40 миң АКШ долларын түзгөндүгү менен шартталган”,-деди бүгүн 1-февралда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР Улуттук банкынын расмий өкүлү Раушан Сейткасымова.

Анын айтымында, мындай шартта 2015-жылдын 1-июлуна чейин берилген 3,1 млрд сом өлчөмүндөгү 2864 адамдын ипотекалык насыясы, башкача айтканда чет өлкө валютасында ипотекалык насыя алган карыз алуучулардын жалпы санынын 69%ынын насыясы конвертацияланат.
“Насыяларды конвертациялоодо карыз алуучулар менен жаңы кредиттик келишим түзүлөт. Анда насыя боюнча карыз сом түрүндө, ал эми пайыздык чен улуттук валютада 19,79% деңгээлинде аныкталат”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу