Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
01/02 15:24
 

Өкмөт аппаратынын бөлүм башчысы А.Алиев: "Быйыл алгачкы ирет дыйкандарга күрөөсүз насыя берилет”

 Өкмөт аппаратынын бөлүм башчысы А.Алиев: "Быйыл алгачкы ирет дыйкандарга күрөөсүз насыя берилет”

Бишкек, 1-февраль /Эмилбек Момунов-Кабар/. Быйыл алгачкы ирет өлкөбүздүн дыйкандарына жылдык үстөгү 10%га барабар күрөөсүз насыя берилет. Ар бир дыйканга берилүүчү жардамдын суммасы 100 миң сомго чейин болот. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын каржылык жана насыялык саясат бөлүмүнүн башчысы Азиз Алиев билдирди.

“Кыргыз Өкмөтү төртүнчү жыл дыйкандар менен фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берип келүүдө. Быйылкы жазгы талаа жумуштарынын башталар алдында дыйкандарга көрсөтүлүүчү ал жардамдын шарттары дагы жеңилдетилди. Анткени ар бир дыйкан жылдык үстөгү 10%дан ашпаган 100 миң сомго чейин акчаны күрөөсүз ала алышат. Бул Өкмөттүн жакырчылыкты жоюу, айыл чарба тармагында иштеген жарандарыбызды колдоо тууралуу программасынын алкагында ишке ашырылууда”,- деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу