Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
01/02 15:13
 

Каржы министри А.Касымалиев: “Жарандарга ипотекалык насыя боюнча берилген жеңилдиктин айырмасын коммерциялык банктарга Өкмөт төлөйт”

Каржы министри  А.Касымалиев: “Жарандарга ипотекалык насыя боюнча берилген жеңилдиктин айырмасын коммерциялык банктарга Өкмөт төлөйт”

Бишкек, 1-февраль /Эмилбек Момунов-Кабар/. 1-февралдан тартып күчүнө кирген КРнын Өкмөтү жарандардын коммерциялык банктардан алган ипотекалык насыясынын айырмасын КРнын Өкмөтү төлөп берет. Ага жалпысынан бюджеттен 574 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КРнын каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

“Учурдагы экономикалык жана финансылык каатчылыкка карабастан жана доллардык эсептешүүдөн баш тартуу программасынын алкагында КРнын Өкмөтү коммерциялык банктардан ипотекалык насыя алган жарандарга жардам берүүнү чечти. Ага жалпысынан мамлекеттик бюджеттен 574 млн сом каралган. Бирок мындай жеңилдиктерди алуу үчүн бир нече талаптар бар. Мисалы, эң оболу ал адамдын Кыргызстандын жараны болуусу, алган туракжайы өлкө аймагында экендиги, 2015-жылдын 1-июлуна чейин кредит алгандыгы жана соттук териштирүүдөн сырткары болушу. Биз бул жарандарга көрсөтүлүп жаткан жардамды Улуттук банктын кирешесинин эсебинен жабабыз”,- деди ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу