Экономика

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
01/02 14:22
 

Каржы министри: “Ар бир жеке адамдын бир гана насыясы конвертацияланат”

Бишкек, 1-февраль /Дайырбек Мейманов - Кабар/. КР Өкмөтү коммерциялык банктардан АКШ долларында республика аймагынан турак жай сатып алуу үчүн насыя алган жана улуттук валютанын өзгөрмөлүүлүгүнө байланыштуу оор жагдайга туш болгон жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында атайы тескеме чыгарды. Бул тууралуу бүгүн 1-февралда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик колдоо турак жай сатып алуу үчүн АКШ долларында насыя (ипотека) алган жарандардын кредиттеринин негизги суммасы боюнча карыздарын Улуттук банктын 2015- жылдын 1-июлуна карата расмий курсу боюнча (1 АКШ доллары үчүн 62,1422) улуттук валютага конвертациялоо максатында көрсөтүлөт.

“КРнын аймагында жайгашкан турак жайды сатып алууга берилген насыялар конвертацияланууга тийиш. Насыя берүү мөөнөтү кол коюлган насыялык келишимдин негизинде 2015-жылдын 1-июлуна чейин. Ал эми берилген күнгө карата насыянын негизги суммасы (комбанк менен карыз алуучу ортосунда кредиттик келишимге кол коюлган күн) 40 миң АКШ долларынан ашпоого тийиш. Ар бир жеке адамдын бир гана насыясы конвертацияланат”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу