Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
29/01 15:33
 

Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги март айынды Кара-Кече кенине тендер жарыялайт

 Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги март айынды Кара-Кече кенине тендер жарыялайт

Бишкек, 29-январь /Шаххан Мырзабек-Кабар/. Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги Кара-Кече жылуулук борборун куруу боюнча тендерди 2016-жылдын март айында жарыялайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

“Үстүбүздөгү жылдын март айында Жумгал районундагы “Кара-Кече” көмүр кенин иштетүүгө тендер өткөрүлмөкчү. Башкача айтканда, ал жерде инвестициондук тендер өткөнү жатат. Бүгүнкү күндө бул долбоордун болжолдуу көлөмү 2-2,5 млрд долларга чейин жетет. Кенди иштетүүнү каалаган инвесторлорго биз өз шартыбызды коюп жатабыз. Тагыраагы тендердин ичине бир жыл ичинде 3 млн тоннадан кем эмес көмүр казып алууну талап кылуудабыз. Анткени, 2015-жылы 1 млн 700 миң тонна көмүр казып алынды. Андан тышкары, Кара-Кече кенинин жанына кубаттуулугу 1200 мВт Жылуулук-электр станциясын (ЖЭБ) курууну жана Балыкчы-Кара-Кече темир жолун салуу талабын да киргиздик. Учурда аталган кенди иштетүүгө Кытайлык, Россиялык жана Кореялык компаниялар кызыгуусун билдиришти”,-дейт Д.Зилалиев.

“Ошондой эле, бул жылы өтө турган эң чоң тендерлердин бири Кемин районундагы Ак-Түз айылында жайгашкан Куттуу-Сай кенин (күмүш, висмут, молибден, коргошун, бериллий сыяктуу бир катар баалуу металлдар бар) иштетүүнү каалагандар үчүн үстүбүздөгү жылдын 9-мартында тендердин биринчи этабы өткөрүлөт. Баасы 10 млн доллар деп коюлду”,-деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, Өкмөттүн 2020-жылга чейин ишке киргизүүнү пландап жаткан Кара-Кече жылуулук станциясынын курулушун бүткөрүү өлкөнү 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияда да камтылган.

ЖМКларда айрым эксперттердин бир нече жылдардан бери тынбай демилгеленип, бирок ордунан жылбай келаткан Кара-Кече долбооруна азыркы Өкмөттүн кудурети жетерине деле ишенбестиги айтылган.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу