Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
29/01 14:15
 

М.Жакыпов: “Балыкчы - Кара-Кече темир жолу 2017-жылга чейин курулушу керек”

 М.Жакыпов: “Балыкчы - Кара-Кече темир жолу 2017-жылга чейин курулушу керек”

Бишкек, 29-январь/Тилек Айталиев - Кабар/. “Балыкчы - Кара-Кече темир жолу 2017 жылга чейин салынышы керек. Бул тууралуу маалымат жыйында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Мирлан Жакыпов билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоор ишке ашса анда транспорттук жеңилдик түзүлөт. Мындан сырткары, Кара-Кечеге жылуулук долбоорун киргизүү да каралууда.
“Кара-Кече жылуулук заводун куруу менен кышкы маалда да иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт”,-дейт Мирлан Жакыпов.

Белгилей, кетсек 2014-2015-жылдардын жыйынтыгы боюнча Кыргызкөмүрдө биринчи жолу 354 миң тонна көмүр өндүрүлүп, 2015-жылы 256 млн сомдук өндүрүм чыгарылган. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын буга чейинки 130 млн сом карызынын 111 млн сомун төлөшкөн. Ал эми 2016-2017-жылга 250-350 миң тонна көмүрдү казып чыгаруу планы киргизилген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу