Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
28/01 18:14
 

Өкмөт башчы борбордо жаңы ишканаларды ачуу жана токтоп тургандарды иштетүү өз деңгээлинде жүрбөй жатканын сынга алды

Бишкек, 28-январь /Кабар/. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда, Темир Сариев Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында билдирди.
Премьер-министр Бишкек шаарында жергиликтүү бюджетти толтуруу жана салык топтоо боюнча жеткиликтүү иш жүргүзүлбөгөнүн билдирди.
Темир Сариевдин маалыматы боюнча, 2015-жылы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 7 075,3 млн сомду түзүп, болжолдонгон план 92,6%га аткарылган. Жыйынтыгында 562,2 млн сом чогултулбай калган.
Буга байланыштуу Премьер-министр Бишкек шаарынындагы район акимдеринин жана шаардык, райондук салык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ишин сынга алды.
“Ишти жакшыртуу менен кирешени көбөйтүүгө болот. Мисалы, былтыр республикалык бюджеттин кирешеси 16 млрд сомго кошумча көбөйтүлдү. Бишкек шаарында резервдер бар. Маселе Бишкек шаардык мэриясынын, район акимдеринин жана салык кызматынын жетекчилигинин жоопкерчилигинде болуп жатат. Ишти мындай улантууга мүмкүн эмес, резервдерди таап, мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу колдонуу керек»,-деди Темир Сариев.
Премьер-министр бул маселе боюнча Бишкек шаарынын мэриясы, Экономика министрлиги, Финансы министрлиги жана Салык кызматы боюнча кирешелерди камсыз кылуу боюнча тиешелүү чечим кабыл алуу тапшырмасын берди.
Мындан тышкары, Т.Сариев Салык кызматынын жетекчилигине Бишкек шаардык Салык башкармалыгынын жетекчисинин ээлеген кызматына ылайыктуулугу тууралуу маселени карап чыгууну тапшырды.
Ошондой эле, Т.Сариев Бишкек шаарындагы жаңы ишканаларды ачуу жана токтоп турган ишканаларды жандандыруу боюнча иштер өз деңгээлинде жүрбөй жатканын сынга алды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу