Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
28/01 14:18
 

Өткөн жылдын декабрында ведомстволук классификация боюнча бюджеттин чыгашасы 10,4 млрд сомдон ашты

Бишкек, 28-январь /Кабар/. 2015-жылдын декабрында ведомстволук классификация боюнча бюджеттин жалпы чыгымдары 10 млрд 423 млн 731,6 миң сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Көрсөтүлгөн суммадан бюджеттик мекемелерде иштегендердин эмгек акысына 2 млрд 580 млн 949,9 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 1 млрд 297 млн 897,1 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча 630 млн 651,7 миң сом бөлүндү. «Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча чыгымдар 1 млрд 321 млн 199,6 миң сомду түздү.

Калган каражаттар башка корголгон жана корголбогон чыгашалар беренелер боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалды.
Маалымат иретинде: Ведомстволук классификация өз ичине мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү (тескөөчүлөрү, алуучулары), бюджет ресурстарынын администратору болуп саналган бюджеттик мекемелердин классификациясын камтыйт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу