Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
28/01 13:13
 

Өткөн жылы Ош шаарында 16 курулуш объектилери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди

Бишкек, 28-январь /Кабар/. 2015-жылы бардыгы болуп Ош шаарында 16 курулуш объектилери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу кечээ, 27-январда өткөн Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынында маалымдалганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми калган курулуш объектилеринде курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Андан тышкары, жалпы тендердин жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен кошумча 7 курулуш объектилери курулуп бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Ошондой эле, 2015-жылга шаардын жолдорун куруп, оңдоп-түзөө иштерине Ош шаарынын мэриясынынын жергиликтүү бюджеттинин эсебинен 64 млн. 522 миң сом акча каражаты каралып, 12-айдын отчеттук мезгилде 62 млн. 777 миң сом акча каражаты өздөштүрүлдү.

Ал эми республикалык бюджеттин эсебинен бардыгы болуп 6 курулуш объектиси каралып, жалпысынан 80 млн. сом бөлүнгөн. Анын ичинен 3 балдар бакчасы, 1 мектеп, 1 спорт интернатынын жана канализация түтүкчөсүнүн курулушу пландаштырылып, анын ичинен 2 объект бүткөрүлгөн. 2014-жылы Россиянын каржылоосу менен курулуп баштаган 59 млн сомго кубаттуулугу 6000 куб.метр болгон суу кампасынын курулушу жана саркынды сууларды тазалоочу жайды капиталдык ремонттоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу