Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
27/01 18:13
 

Депутаттар Жогорку Нарын ГЭС каскадындагы ээн калган курулушчулар шаарчасында болушту

Бишкек, 27-январь /Кабар/. “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен депутат Алмамбет Шыкмаматов Нарын облусундагы Жогорку Нарын ГЭС каскадындагы курулушчулар шаарчасында болушту.Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын катчылыгы билдирди.
“Ата Мекен” фракциясы Жогорку Нарын ГЭС каскады долбооруна кеткен чыгымдарды текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү демилгелеп чыгышкан. Аталган комиссия түзүлүп, жакын арада орус инвесторунун каражатынын натыйжалуу пайдаланылышын иликтеп баштайт.
Аталган депутаттар кандай обьектилер курулгандыгы боюнча маалыматтарды тактоо жана курулушчулар шаарчасынын жумушчулары пикир алышуу үчүн Нарын облусунда бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Эл өкүлдөрү 37 миллион АКШ доллары суммасындагы каражатка курулган курулушчулар шаарчасын көрүп чыгышты.

“Курулган обьектилерди – көпүрөнү, жумушчулар жашай турган шаарчаны жана башка обектилерди көрүп чыктык. Баары мөөр басылып, жабылган. Шаарчада азыр эч ким жок. Бир гана административдик корпус ачык. Жумушчулар жашай турган лагерь контейнерлерден жашаганга ыңгайлаштырылып курулган. Азырынча кандайдыр бир баа берүү эртелик кылат. Депутаттык комиссия өз ишин баштаганда дыкат иликтөөлөр жүргүзүлөт. Баалоого атайын адистер тартылат. Ошентсе да, менимче, курулуш обьектилерине каржыланган делген 37 миллион АКШ доллары эки эселенип берилген сумма”,-дейт А.Шыкмаматов.

Белгилей кетсек, “Жогорку Нарын ГЭСтери” ЖАК биргелешкен ишканасы вахталык поселекту курууга жана жабдууга 37 миллион АКШ долларын каржылаган. Түзүлгөн макулдашуунун бир тараптуу денонсацияланышы менен аталган сумманы Кыргыз Республикасы “Русгидро” ААКсына 6 айдын ичинде кайтарышы керек. Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу менен кыргыз тараптан “Электрстанциялары” ААКсы жана орус тараптан “Русгидро” ААКсы алектениши керек эле.
“Ата Мекен” фракциясы курулуш обьектилерине коротулган 37 миллион АКШ долларын көбөйтүлгөн сумма деп эсептейт. Ар түрдүү” беренеси боюнча эле 113 миллион сом каржыланган экен. Андыктан фракция депутаттык комиссияга “Жогорку Нарын ГЭСтери” ЖАКынын каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүнү сунуштайт.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу