Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
26/01 18:15
 

О.Панкратов: «Джунда» ишканасы салыкты жашырып коюшу мүмкүн»

Бишкек, 26-январь /Кабар/. «Джунда» нефтини кайра иштетүүчү ишканасы чоң суммадагы салыкты жашырып коюшу мүмкүн»-деди Вице-премьер-министр Олег Панкратов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Анын айтымында, аталган ишкананын учурда иштебей тургандыгы өкүнүчтүү.

“Иштебей турган ар бир күн бизнес, бюджет, салык үчүн чыгаша алып келет. Финансы полициясынын жетекчилигине бул түшүнүктүү дечи, ошентсе да алар мыйзам чегинде иштеп жатышат, тергөөгө эч ким жолтоо болууга тийиш эмес”-деди ал.

О. Панкратов ошондой эле өлкөдө инвестициялык климаттын жагымдуу болушу, инвесторлордо кооптонуу туулбашы керектигин белгиледи.

Эскерте кетсек, «Джунда» нефтини кайра иштетүүчү ишканасы 54 млн сомдон ашык салыкты жашырып койгон факты табылган. Бул боюнча Кытай жараны, ишкананын директорунун орун басары Ю Шан Лин кармалган.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу