Экономика

Июнь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
26/01 15:05
 

О.Панкратов: “Камбар-Ата ГЭС-1 жана ЖНК ГЭСи боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө”

Бишкек, 26-январь /Кабар/. Камбар-Ата ГЭС-1 жана Жогорку Нарын каскады (ЖНК) ГЭСи боюнча инвесторлор менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн журналисттер менен жолугушууда КРнын вице-премьер-министри Олег Панкратов айтты.

“Бул долбоорлорго кызыккандар дайыма болуп келген, бүгүн да кызыккандар бар. Бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду табабыз. Албетте, “Камбар-Ата ГЭС-1” үчүн инвесторлорду табуу кыйыныраак болот. Бирок, ЖНК ГЭСине кызыккан инвесторлор көп”-деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Россия менен аталган ГЭСтердин курулушу боюнча келишимди денонсациялаган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу