Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
26/01 13:05
 

Кайсы өлкө Кыргызстанга көбүрөөк инвестиция алып келүүдө?

Бишкек, 26-январь /Кабар/. Экономика министрлигинин алдындагы Инвестиция тартуу агенттигинин директору Алмаз Сазбаков кайсы өлкө Кыргызстанга көбүрөөк инвестиция алып келип жаткандыгы тууралуу “Кабар» агенттигине маалымдады.

Анын айтымында Кыргызстанга барынан көп Улуу Британия Бириккен Королдугунан жана Түндүк Ирландиядан түшүүдө - 182 млн 6,7 миң АКШ доллары . Экинчи орунда канадалыктар турат (130 млн 209,1 миң АКШ доллары). Үчүнчү орунда - Россия (116 млн 576, 7 АКШ доллары). Андан кийин Турция (41 млн 601,3 миң АКШ доллары) . Акыркы бештикти Китай жыйынтыктаган (26 млн 341,7 миң АКШ доллары).

“Мында Улуу Британия Бириккен Королдугу геологиялык чалгындоо чөйрөсүнө ,ошондой эле финансы секторуна жана кайра иштетүү тармагына инвестиция жумшаган (94,4 %, 2015-жыл). Канада геологиялык чалгындоого инвестиция салган. Кытай илим, техника (44,1%), кайра иштетүү (24,1%), пайдалуу кендер (16,1%) тармактарына инвестиция алып келген. Россия энергетикага (76,8%), финансы секторуна (11,8%) кызыккан. Турция курулушка (64, 8%), соодага (13,1%), кайра иштетүү өнөр жайына (9,6%) жана финансы секторуна (8,8%) инвестиция салган”-деди ал.

Ошондой эле А. Сазбаков учурда Кыргызстан ЕАЭСтин мүчөсү болуп, 180 млн калкы бар рынокко чыга аларын белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу