Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
26/01 12:31
 

Кыргызстанда 2015-2017-жылдарга энергияны үнөмдөө боюнча программа иштелип чыкты

Бишкек, 25-январь /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. 2015-2017-жылдарга энергияны үнөмдөө боюнча программа иштелип чыкты жана кабыл алынды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында Экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

“Бул тармак боюнча төмөндөгүдөй долбоорлор ишке ашырылып жатат. “Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо”, “ГЭСтин Жогорку-Нарын каскадын куруу жана экспуатациялоо” долбоору, Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи агрегатын ишке киргизүү долбоорун жүзөгө ашыруу башталды. Ошондой эле, 2015-жылы “Датка-Кемин” көмөкчү чордонун колдонууга киргиздик”,-дейт А.Кожошев.

“Ошондой эле буга чейинки эки жылда көйгөйлүү болгон тоо-кен казуу тармагында 2015-жылы 1 тонна алтын өндүрүү менен Талды-Булак Солжээк (“Алтынкен ЖЧК”) алтын кени колдонууга киргизилди жана 0,5 тонна алтын өндүрүү менен Бозымчак кени колдонууга киргизилди (“КазахмысГолд кыргызстан” ЖЧК)”,-деп кошумчалады министр.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу