Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
26/01 11:46
 

2015-жылы фермерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомдук 9980 жеңилдетилген насыялар берилди

Бишкек, 25-январь /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. 2013-2017-жылдар мезгилине КРны туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында 77 улуттук долбоорду илгерлеттүүгө өзгөчө көңүл бөлүнөт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында Экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

“2013-2015-жылдары жалпы суммасы 692,3 млн АКШ доллардык 17 долбоор аяктады. Ар бир райондо жаңы ишканалар ишке киргизилди. Тактап айтканда, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен чакан жана орто бизнести каржылоо программасы боюнча “РСК Банк” жана “Айыл Банк” аркылуу 1,2 млрд сом суммасында насыялар берилди. Мындан тышкары фонд айыл чарбасында жана жеңил өнөр жайында 10,5 млн АКШ долларга ири технологиялык долбоорлорду жактырды”,-дейт А.Кожошев.

Ошондой эле, министр 2015-жылы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо боюнча Өкмөт тарабынан фермерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомго 9980 жеңилдеттилген насыялар берилди деп кошумчалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу