Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
26/01 11:12
 

2016-жылы сатуу салыгы жокко чыгарылат

Бишкек, 25-январь /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. 2016-жылдын 1-июлунан тартып КНС (Кошумча нарк салыгы) төлөгөн жана КНСтен бошотулган товарларды, жумуштарды, кызматтарды сатууда сатуу салыгы жокко чыгарылат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында Экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

“Бардык мамлекеттик түзүмдөрдүн ишинин негизинде, Өкмөттүн жылдык планы түптөлгөн. Бирок, 2015-жылы биз Мамлекет башчысынын Жарлыгын аткаруу үчун жаңы планды кабыл алдык. Ал буга чейинки пландан айырмаланып, улуттук экономиканы чыңдоого багытталган. Пландын чегинде коюлган милдеттер, толук көлөмдө аткарылды десек болот. Фискалдык чөйрөдө, биз мындан аркы либералдуу кадамдарга бардык.
2016-жылдан тартып, КРнын аймагынан тышкары жөнөтүүгө жана экспорттук жөнөтүүгө бул салыкты жок кылып жатабыз. 2016-жылдын 1-июлунан баштап, уюлдук байланыштан тышкары, КНС төлөгөн жана КНСтен бошотулган товарларды, жумуштарды, кызматтарды сатууда биз сатуу салыгын толук жок кылабыз. Мындан тышкары КНС боюнча каттоо чегин 4,0 млн сомдон 8,0 млнго чейин көтөрдүк”,-дейт А.Кожошев.

“Ошондой эле бизнес субъекттерин колдоо жана экономикага инвестициялардын агымы жөнүндө сөз кылсак. Анда, биринчиден бизнес жүргүзүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча чараларды илгерлетүүнү, системалуу түрдө улантабыз”,-деп кошумчалады ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу