Экономика

Июнь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
26/01 11:05
 

Өлкөдө балык өстүргөндөр көбөйдү

Бишкек, 25-январь /Кабар/. Кыргызстанда товардык балык өндүрүү 37%га жогорулады. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде 2015-жылдын жыл жыйынтыгы боюнча министрликтин коллегиясында жыл ичинде аткарылган иштер боюнча айтылган маалыматта белгилүү болду.

Кыргызстандын суу-көлмөлөрүндө 2015-жылы жалпы товардык балыкты өндүрүү 1100 тоннаны түздү, же болбосо 2014-жылга караганда 37%га көп өндүрүлдү. Балык чарба департаменти республиканын балык чарбалык көлмө-сууларына Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүнө жана Киров, Папан суу сактагычтарына балыктардын лосось, сига жана карп түрлөрүнүн чабактарын коё берүү боюнча иш чаралар аяктап, жалпы 7млн 806 миңдей кое берилди деп билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу