Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
26/01 10:54
 

Экономика министри А.Кожошев: “Дүйнөлүк кризиске карабай, өткөн жылы Кыргызстандын экономикасындагы оң темптер сакталып калды”

Бишкек, 26-январь /Эмилбек Момунов-Кабар/. 2015-жылы дүйнөлүк экономикадагы кризиске карабай, Кыргызстандын улуттук экономикасында төмөндөө байкалган жок жана өсүштүн оң темптери сакталып калды. Алдын ала маалымат боюнча, өлкөбүздүн экономикалык өсүшү 3,5%ды түздү. Ал эми “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо жалпысынан 4,5%дык жогорулоо болду. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында КРнын экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

“Экономиканын мындай өсүшү айыл чарбасында 6,2%га, курулушта дээрлик 14%га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 3,7%га өсүштөн улам камсыздалды. Тилекке каршы “Кумтөр” кенинде алтынды өндүрүү кыскаргандыктан, өнөржайда өндүрүштүн өсүүсүнүн терс темптери түзүлдү”,- деди министр.
А.Кожошевдин айтуусунда, керектөө бааларынын кымбатташына, сомдун арзандашына жана баалардын жогорулашына алып келип жаткан терс факторлорго карабастан, Өкмөт Улуттук банк менен биргеликте инфляция деңгээлин 3,4%дын деңгээлинде сактап калды. Инфляциянын орточо жылдык көрсөткүчү 6,5%ды түздү.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу