Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
25/01 18:19
 

Олег Панкратов:“Эгер табигый кырсык болсо, үйлөрүн камсыздандырбаган жарандарга мамлекет компенсация төлөп бербейт”

Бишкек, 25-январь /Салтанат Абдраева-Кабар/. Үйлөрүн камсыздандырбаган жарандар эгер кырсык болсо мамлекеттен компенсация ала алышпайт. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги маалымат жыйында вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө атайын мамлекеттик компания түзүлүп жатат, ал турак-жайды камсыздандыруу боюнча иштерди алып барат. Автомашиналарды камсыздандыруудан айырмасы эгер үй камсыздандырылбаса ага айып пул каралган эмес. Бирок, эгер ким үйүн камсыздандырбаса, ал өзгөчө кырдаал болгон шартта мамлекеттен компенсация ала албайт. Мындай механизм жарандардын камсыздаруусу үчүн атайын ойлонуштурулган”,-деди ал.
Ошондой эле, вице-премьер-министр төлөм тарифи белгиленген деди. “Айыл жергесинде камсыздандыруу 600 сомду, шаарда 1 миң 200 сомду түзөт”,-деди О.Панкратов.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу