Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
25/01 17:55
 

Өкмөт жаратылыш шарты катаал аймактарда жашап жана эмгектенгендер үчүн мамкепилдик жана компенсациялар долбоорун артка кайтарып алды

Өкмөт  жаратылыш шарты катаал аймактарда жашап жана эмгектенгендер  үчүн мамкепилдик жана компенсациялар долбоорун артка кайтарып алды

Бишкек, 25-январь /Кабар/. Премьер-министр Темир Сариев министрлик жана ведомство жетекчилери менен “Бийик тоолуу жана жаратылыш шарты катаал алыскы аймактарда жашап жана эмгектенген жактар үчүн мамлекеттик кепилдик жана компенсациялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча жыйын өткөрдү.

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин тапшырмасы боюнча, 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тараптан жаратылыш шарты катаал алыскы аймактардагы калктуу пункттардын критерийлерин аныктоочу мыйзам долбоору иштелип чыккан.
Жыйындын жүрүшүндө Темир Сариев белгилегендей, аталган мыйзам долбоору бийик тоолуу жана жаратылыш шарты катаал алыскы аймактарда жашаган калкка социалдык даректик колдоо көрсөтүүгө жетишүүгө багытталган.
«Менин пикиримде, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда комплекстүү талдоону жетиштүү түрдө өткөргөн эмес. Өлкө үчүн зарыл эсептелген чаралар терең ойлонулуп, тыкыр эсептөөлөргө негизделиши керек»-деп белгиледи Премьер-министр.
Өкмөт башчы кошумчалагандай, аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тараптан аймактардын социалдык-экономикалык шарттарына байланышкан маселелердин жыйындысы эске алынган эмес.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Темир Сариев КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине бардык аспектилерди комплекстүү иликтеп чыгуу менен мыйзам долбоорун артка кайрып, толуктап иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле Өлкө аймактарын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун иштеп чыгууну эске алуу менен мыйзам долбоорунун социалдык-экономикалык натыйжаларын тыкыр иликтеп чыгууну тапшырды.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу